Ташиев: Акча тараткандыгы шайлоодон кийин билинсе да жоопко тартабыз

Ташиев: Акча тараткандыгы шайлоодон кийин билинсе да жоопко тартабыз

Шайлоо бүткөндөн кийин да талапкерлердин добуш сатып алуулары, админресурс колдонулганы билинип кала турган болсо жоопко тартабыз. Бул туурасында  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Министрлер кабинетинин төрага орун басары Камчыбек Ташиев УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Кара-Көл шаардык бөлүмчөсү үчүн салынган имараттын ачылыш салтанатында билдирди.

Ташиев “булар шайлоого жакын бир-эки күн калганда акча таратып калабыз деп ойлоп жатышса керек. Алтургай, шайлоо бүткөндөн кийин да биз аларды жоопко тартабыз. Мына муну жакшы түшүнүшү керек. Эгерде анын добуш сатып алганын далилдей турган болсок, шайлоодон кийинки жыйынтыгын жокко чыгарабыз. Ал депутат болбойт. Мыйзам бузуучулук менен эч ким депутат болбошу керек. Өзүбүзгө да талапты коюп жатабыз, талапкерлерден да катуу талап кылып жатабыз” – деди.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Президент добуш сатууга карата жазалар катаалданткан жарлык чыгарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>