Ташиев Баткенде эл менен жолугуп, Көк-Сайга кетти

Ташиев Баткенде эл менен жолугуп, Көк-Сайга кетти

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев облустук администрациянын алдына чогулган эл менен жолукту. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, Ташиев бардыгы тынчтык жолу менен чечилерин айтып, Көк-Сай айылындагы абалды байкоо үчүн жөнөп кеткен.

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев Германияга дарыланууга кеткенин айтып, өлкөдө жаралган кырдаалдан улам артка кайтканын билдирген.

Соңку маалыматтар боюнча, чек ара аймактарында айрым учурларда ок атуулар болуп жатат. Бардык күч түзүмдөрү кырдаалды көзөмөлгө алууда.

Ок атышуунун натыйжасында 134 адам жабыркап, 13ү каза болду. 25 жаран атайын учак менен Бишкек шаарына ооруканага которулду. 86 жаран Баткен облустук ооруканага жаткырылган.

Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 миң 500 адам коопсуз жайга чыгарылды. Ал эми Баткен районунан 7093 адам Баткен шаарына көчүрүлдү. Эвакуацияланган жарандарга жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө, гуманитардык жардамдар жеткирилип жатканы айтылат.

Баткен районунун Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен өрттөнгөн, ошондой эле Лейлек районун Кулунду айыл аймагынын Сада, Максат, айылдарында, Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык, Борбордук, Арка айылдарында күйгөн үйлөр жана май куйуучу бекеттер бар.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>