Ташиев: Бир жылдан бери, бир жолу тойго бардым

Ташиев: Бир жылдан бери, бир жолу тойго бардым

Аткаруу бийлигиндегилер тойлорго барбай эле койсоңор кандай болот? Силерди көрүп жаштар үлгү алып жатпайбы? Бул сунушту Дастан Бекешев Жогорку Кеңеште жалпы министрлер кабинетинин курамына берди.

Ага жооп катары вице-премьер-министр, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин милдетин аткаруучу Камчыбек Ташиев “бир жылдан бери бир жолу тойго бардым. Башка тойлордо жүргөнүмдү көргөндөр айтып берсин. Ал эми куран окутууга барам”-деп жооп кайтарды.

Ошондой эле Ташиев “Раим Матраимов менен бир үстөлдө отурганым жок, болгону каалоо айтып эле чыгып кеттим. Эгерде аны менен чогуу отурсам дагы, башкаларга салыштырмалуу бюджетке 2 млрд. сом акчасын төктү. Эгерде дагы кылмыш табылса, дагы төгөт”-деди.

Буга чейин Камчыбек Ташиевдин Таалай Сарыбашевдин уулунун үйлөнүү тоюна барганы белгилүү болгон.

Сарыбашов уулун үйлөнттү. Тойго Ташиев, Матраимов барды (ВИДЕО)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>