Ташиевдин резиденцияга жашоосуна Жапаров уруксаат берген

Ташиевдин резиденцияга жашоосуна Жапаров уруксаат берген

Министрлер кабинетинин орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин мамлекеттик резиденцияда жашашына Садыр Жапаров уруксаат берген.  Бул тууралуу президент өзү маалымат жыйынында тастыктады.

«Ал жерде кимдер жашай турганын мен чечем. Ташиевдин коопсуздугу үчүн ошол жакта жашашына уруксат бергем»,-деди Жапаров.

Буга чейин прессада УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев учурда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев жашаган үйдө жашап жатканын жазышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>