«Дарак ырын» автордун уруксааты жок эфирден кетирген канал компенсация төлөп бериши керек

«Дарак ырын» автордун уруксааты жок эфирден кетирген канал компенсация төлөп бериши керек

«Дарак ыры» мюзиклин кабелдик Life телеканалы эфирден автордун уруксааты жок кетиргени үчүн жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу тасманын жаратуучуларынын бири Толкун Дайырбекова Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Тасманын жаратуучулары нааразычылыктарын айтып, аталган канал мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтышты.

«28-29-июлда аталган телеканал «Дарак ыры» тасмасын эч кандай уруксаты жок эфирден көрсөткөн. Уруксааты жок эфирден кетиргени үчүн жоопкерчиликке тартуу үчүн юристтер менен кеңешип жатабыз. Тагыраагы, Life телеканалы мындай иш-аракеттерин токтотуп, жеке укукту бузгандыгы компенсация төлөп бериши керек. Эгер анын арызы каралбаса, анда мюзиклдин жаратуучулары соттук органдарга кайрылат», — деп  билдирген.

Central Asia Film студиясы жана КТРК гана «Дарак ырын» көрсөтүү укугуна ээ. Толкун Дайырбекова Кыргыз өлкөсүндөгү телеканалдарды, интернет булактарын фильмди уруксатсыз алып көрсөтпөөгө чакырды. Эгер автордук укукту бузгандар болсо, административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Тасма расмий түрдө ушул жылдын 31-августунда КТРК каналында эфирге чыгат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>