Тазабек Икрамов ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды (видео)

Тазабек Икрамов ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов  күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды. Күрөштүн видеосу Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун сайтына жарыяланды.

8-октябрда Грузия башталган мелдеште Икрамов 70 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Чейрек финалда финландиялык  спортчу Олави Лейтону 9:0 эсебинде утту.

Жарым финалда ирандык балбанга жеңилип калып,  коло медаль үчүн түркиялык балбан Орхан Тикаци менен таймашкан. Икрамов аны  4:0 эсеби менен жеңип алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>