“Тазалыкчылар” Бишкектеги карды таңдан тарта күрөй баштады

 “Тазалыкчылар” Бишкектеги карды таңдан тарта күрөй баштады

Таңкы төрттөн тарта 35 атайын техника, 608 короо шыпыруучу кызматкерлер калааны кардан арылтуу менен алек. Бул туурасында Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  атайын техникалар менен жөө күрөкчөн адистер жолдун жээгиндеги жана аллеялардын карларын тазалашууда.  44 тонна техникалык туз себилди.

Кардан арылуу иштери токтоосуз жүрүүдө.

Эгерде кандайдыр бир ыңгайсыздык жаралып, кар топтомдору кыжаалат кыла турган болсо 0554 182 185 WhatsApp номуруна же  1840 и 1850 кыска номуруна байланышууңузда мэрия суранат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>