“Тазалыктын” кызматкери аны эч себепсиз ур-токмокко алган адамды кечирди

“Тазалыктын” кызматкери аны эч себепсиз ур-токмокко алган адамды кечирди

Жалал-Абад шаарында “Тазалык” ишканасынын кызматкерин эч себепсиз ур-токмокко алып качып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарында 24-декабрда таңга маал жумушун аткарып жаткан “Тазалык” ишканасынын кызматкери Маргуба Хакимованы чоочун эле 25-30 жаштардагы адам эч себепсиз ур-токмокко алып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө иши башталган. 

Анын жүрүшүндө шектүү катары Сузак районунун К.У. аттуу 30 жаштагы тургуну аныкталып, 15-январь күнү тергөөгө алынган.  Анын жүрүшүндө жабырлануучу шектүүнү таанып, ушул адам кол котөргөнүн тастыктаган.  

Бирок учурда ага карата доо-арызы жоктугун билдирип, тосмо арызын жазып берген.

Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

                                                     

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>