«Тазалыктын» жумушчулары жандуу ырдап, көпчүлүктү таң калтырды

«Тазалыктын» жумушчулары жандуу ырдап, көпчүлүктү таң калтырды

Бишкек мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көчөдө жандуу ырдап көпчүлүктү таң калтырышты. Алардын ырдаган видеосун  Тазалык ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева Фейсбуктагы баракчасына жүктөгөн.

“Театральный» гүл бакчасын тазалоо учурунда жүктөөчү Адилет жана мастер Алмаз бир нече ырларды аткарышты.  Адилеттин музыкалык билими бар, ал Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык колледжин бүтүргөн. Тазалыктагы жумушунан сырткары рэпке кызыгат, ыр жазат жана гитарада ойнойт. Ал эми мастер Алмаз болсо гитара жана фортепианодо ойногонду өзү үйрөнгөн жана ырларды да сонун ырдайт”, — деп жаган  ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>