Тажик тарап барымтага алган кыргызстандыктарды кыйнаганы тастыкталды

Тажик тарап барымтага алган кыргызстандыктарды кыйнаганы тастыкталды

Тажик тарап барымтага алган кыргызстандыктар менен жолугушуунун жыйынтыгында жабырлануучуларды кыйноо фактысы ырасталды. Бул тууралуу Кыйноолорду жана башка адамкерчиликсиз, катаал же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин же жазанын алдын алуу боюнча улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы болуп өткөн окуя учурунда барымтага алынган кыргызстандыктарга карата Стамбул протоколун толтуруу процедурасын башталган.

“Жарандар менен Стамбул протоколунун процедуралары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Барымтага алынгандарга карата катаал мамиле кылынып, кыйноого кабылганы тууралуу айта алабыз”,— деген Бакыт Рысбеков.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору тарабынан толтурулган протоколдор, коштоочу кат менен бирге Башкы прокуратурага берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>