Тажикстанда 30 жаштагы аял төрт баласын думуктуруп өлтүрдү

Тажикстанда 30 жаштагы аял төрт баласын думуктуруп өлтүрдү

Хатлон облусунда 30 жаштагы аял өзүнүн төрт баласын думуктуруп өлтүрдү. Трагедиялуу окуя 9-сентябрда болгон.

Өлкө ИИМи бул фактыны тастыктап, учурда аял камакта экенин билдирди.

Жергиликтүү бийлик органдарындагы булак билдиргендей, аялдын аты –Назокатхон Тоирова. Окуя жүз берген күнү курулушта иштеген күйөөсү үйдө болгон эмес. Аял 10,8,4 жана бир жаштагы баласын өлтүргөндөн кийин милицияга өзү барган.

Аны мындай кадамга эмне түрткөнү белгисиз. Прокуратура иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Соңку бир нече жылдан бери Тажикстанда аялдар өзү менен кошо балдарынын да жанын кыйган учурлар көп катталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>