Тажикстанда «кыздык белгиси жок» деп айыпталган келин күйөөсүнөн 10 миң сомони талап кылууда

Тажикстанда «кыздык белгиси жок» деп айыпталган келин күйөөсүнөн 10 миң сомони талап кылууда

Тажикстандын Дангара районунда күйөөсү «кыздыгың жок деп» үйдөн кууп чыккан келиндин жакындары моралдык чыгым катары күйөө баладан 10 миң сомони (880 доллар) талап кылып жатышат.

Алардын айтымында, соттук-медициналык экспертиза келиндин тойго чейин кыздык белгиси болгону ырасталганын билдиришүүдө. Өз кезегинде күйөө бала алар маалымкатты сатып алышканын айтып, калың катары берген 10 миң сомонисин талап кылууда.

«Нике түндө анын кыз эмес экени белгилүү болду. Муну ал өзү мойнуна алып, жакын туугандарынын бири менен жыныстык катнашта болгонун билдирди. Мен анын апасына чалып, баарын айттым. Ал бул жөнүндө эч кимге айтпашымды өтүндү. Ошол эле күнү туугандары калың катары берген 10 миң сомонини беш күндүн ичинде кайтарып бере тургандыктары жөнүндө тилкат жазып беришкен», — деди ал.

Тилкатта мындан тышкары келин кыздык белгиси жок экенин билбегени, ажырашууга даяр экени жана күйөө балага эч кандай дооматы жок экени жазылган.

Бирок келин тилкат жазып берүүгө аргасыз болгонун билдирүүдө.
«Биз тилкат жазып берүүгө аргасыз болдук. Бир сутка бөлмөгө камап коюп, 10 миң сомонини кайтарып беришибизди талап кылышты. Акыры жакындарым талап кылган тилкатын жазып берип, үйгө кайтып келе бер деп айтышты», — деди келин.

Душанбедеги Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун маалымтына ылайык, аларга жыл сайын кыздык белгисин текшерип берүү өтүнүчү менен жарандардан 600гө жакын кайрылуу болот.

Тажикстанда алгачкы жолу турмуш куруп жаткан жаштар милдеттүү түрдө медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. «Кыздыгын текшертүү тести» милдеттүү эмес, бирок кыздардын көбү болочок күйөөсүнүн талабы боюнча ал тесттен өтүшөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>