Тажикстандын базарында кармалган 3 кыргыз жараны кайтарылды

Тажикстандын базарында кармалган 3 кыргыз жараны кайтарылды

23-февралда Тажикстандын күч түзүмдөрү тарабынан базарга барып кармалган кыргыз жарандары 24-февраль күнү өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу айрым басылмалар өздүк булактарына таянуу менен жазышууда.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Борбордук айылынын 1978-жылы туулган  Х.Ш., 1973-жылы туулган тургуну Ш.Д., 1974-жылы туулган тургуну А.А. тажик күч түзүмдөрү тарабынан 23-февралдын түнүндө Хистеварз айылында жайгашкан базарга барган жеринен кармалышкан.

“Маалымат келип түшөрү менен аларды кайтаруу максатында эки тараптын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жыйынтыгында 24-февраль күнү саат 22:20 чамасында тажик тараптан подполковник Р.Кирбонов Лейлектин Борбордук айылына алып келип, аларды “Жаңы-Жер” чек ара бөлүмүнүн башчысына өткөрүп берген”, — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>