Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстандагы иш сапары жыйынтыкталды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстандагы иш сапары жыйынтыкталды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 28-июлда өзүнүн иш сапарын жыйынтыктап, Кыргызстандан учуп кетти.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Эмомали Рахмонду өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков узатты.

Эске салсак, Тажикстандын Исфара шаарындагы сүйлөшүүлөрдөн кийин мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантышты.

Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери, анын ичинде мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси талкууланды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>