Текебаев менен Чотонов сотко алынып келинди (фото, видео)

Текебаев менен Чотонов  сотко алынып келинди (фото, видео)

Абактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнул Чотонов Биринчи Май райондук сотуна алынып келинди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты саясатчылар менен сот залында түшкөн сүрөтүн “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады.

Раойндук соттун алдында жүргөн кабарчыбыз, отурумга журналситтер жана саясатчылардын тарапташтары киргизилбегендиктен, алар нааразычылыгын билдирип жатканын айтты. 

Жогорку Сот 21-августта Текебаев менен Чотоновдун ишин карап, Мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөткөн.

Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден “пара алды” деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Ал эми Маевский Орусияда алдамчылыкка шектелип,
камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>