Текебаев менен Чотоновдун соттук отурумун видеого тартууга уруксаат берилген жок

Текебаев менен Чотоновдун соттук отурумун видеого тартууга уруксаат берилген жок

Бүгүн, 12-сентябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароо боюнча соттук отурум өтүп жатат.

Жактоочу Таалайгүл Токтакунова соттук процессти чагылдырууга видео камераларды залга киргизүү өтүнүч келтирди. Текебаев да алардын катышуусундагы соттук отурумду катардагы иш эмес экенин айтып, жактоочуну колдоду. Бирок мамлекеттик айыптоочу видеого тартууга каршы болду.

Судья отурумду видеого тартууга тыюу салып, аудио жазууга уруксаат берди.

21-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароо чечимин кабыл алган. 29-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган.

Белгилей кетсек, Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Ал эми Маевский Орусияда алдамчылыкка шектелип, камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>