Текебаев соцтармактын басымынан элчиликтен баш тартканбы?

Текебаев соцтармактын басымынан элчиликтен баш тартканбы?

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен баш тартып калуусунун сыры ачыкка чыга баштады. Reporter.kg нин ишенимдүү булактары каңкуулагандай, социалдык тармакта ар кандай нааразылык сындар күч алгандыктан ушундай кадамга барууга аргасыз болгон.

“Текебаевге элчиликке чакыруу чындыгында болгон. Бирок, социалдык тармакта элдин маанайына баам салып турду. Анткени, бир топко чейин элчиликке барам же барбайм деп унчукпай турду. Электораты, партиялаштары тарабынан нааразылыктар күч ала баштаган соң гана кызматтан баш тарткан” – дейт ишенимдүү булак.

1-сентябрь күнү Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэл Геллил менен кездешип, Орто Азия жана Ооганстандагы кырдаал боюнча талкууладык деп маалымат таратышкан болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>