Темирбек Ажыкулов, “Бир Бол, №13: ”Бюджетти толтурууну кааласак, ишкерлерге бут тосконду токтотуш керек»

Темирбек Ажыкулов, “Бир Бол, №13: ”Бюджетти толтурууну кааласак, ишкерлерге бут тосконду токтотуш керек»

“Бюджетке акча көп түшүүсүн кааласак, ишкерлерге бут тосконду токтотуш керек”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Темирбек Ажыкулов Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын эли менен болгон жолугушууда айтты.

Айтымында, негизсиз текшерүүлөрдү кыскартып, Мыйзамды жөнгө салуу зарыл. Жергиликтүү ишкерлер салык төлөсө, пенсия, айлык акыны жогорулатуу маселелери чечилмек.

[su_image_carousel source=»media: 41981,41982,41983,41984,41985″ crop=»none» autoplay=»4″]

Талапкер бажыдагы коррупция ишкерлерге эң чоң тоскоолдуктарды жаратарын да кошумчалады.

“Кыргызстанда аткезчилик күч алгандыктан, өлкөгө кирген импорт жокко эсе. Демек, башкаруу системабыз алсыз. Жергиликтүү продукцияны көп өндүрүп, чет өлкөгө сатмайынча мамлекетке акча кирбейт”, -деди Темирбек Ажыкулов.

Ал Токтогул районуна Америкадан “абердин ангус” породасындагы асыл тукум уйларды алып келип, жайылтуу тилеги бар экенин кошумчалады.

Бир Бол №13 – Жаратман күч!

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 28-сентябрь, 2020-жыл.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>