ТИМ жана БУУнун өкүлү чек ара чырында жабыркаган мекемелерди талкуулашты

ТИМ жана БУУнун өкүлү чек ара чырында жабыркаган мекемелерди талкуулашты

10-майда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев БУУнун Кыргызстандагы тутумунун туруктуу координатору Озонния Ожиело менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун айылдарын кайрадан калыбына келтирүү боюнча биргелешкен кадамдарды талкуулашты.

Озонния Ожиело тараптар өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн учурда Кыргызстандын  өкмөтү менен БУУнун агенттиктеринин биргелешкен аракеттерин координациялоочу аянтча болгон Өзгөчө кырдаалдарга реакция жасоону координациялоо тобун түзүшкөнүн айткан. Бул аракеттердин алкагында гуманитардык команда түзүлүп, алар жапа чеккен жарандардын муктаждыктарын аныктоо үчүн Баткен облусуна барып келишкендигин билдирген.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев БУУнун тутумунун туруктуу координаторуна куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана жасалган ыкчам аракеттер үчүн ыраазычылык билдирген. Баткен областы чукул мезгилге гана эмес, социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн узак мөөнөттүү жардамга да муктаж экендиги белгиленген. Ушуга байланыштуу министрдин биринчи орун басары БУУнун Баткен облусунун экономикасын кайра калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтөөрүнө жана эл аралык уюмдар тарабынан жардам тартуу боюнча иш жүргүзүүсүнө үмүт арта тургандыгын билдирген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>