Тоң райондук аскер комиссариатынын башчысы пара менен кармалды

Тоң райондук аскер комиссариатынын башчысы пара менен кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы )Тоң районунун аскер комиссариатынын башчысын 1000 доллар пара алган деп кармады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, аскер комиссариатынын башчысынын үстүнөн тургун кайрылып, жасалма аскер билет жасап берип, ан  үчүн 1000 доллар алган деп кайрылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аскер комиссары Тоң районунда пара алганы аныкталган. Кийин ал Баткендеги Кадамжай районунун аскер комиссариатына которулган. Фианансы полициясы Аскер прокуратурасы менен биргеликте Кадамжай районуна барып, шектүү буга чейин алган акчаны ээсине кайтарып жаткан маалда кармашкан.

Ошондой эле шектүүнүн иш бөлмөсүн тинтүү учурунда  ири өлчөмдөгү акча каражаты чыккан.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 325-беренеси, пара алуу катары катталган. Кармалган адам тергөө абагына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>