Тогуз-Торо жана Аксы районунан 3 тоннадан ашык кара куурай өрттөлдү

Тогуз-Торо жана Аксы районунан 3 тоннадан ашык кара куурай өрттөлдү

Тогуз-Торо жана Аксы районунун аймагында өскөн 3 тоннадан ашык жапайы кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.

10-июлда өткөрүлгөн “Паутина”  рейдинин алкагында Тогуз-Торо районунан 7 гектар аянттан жапайы өскөн  кара куурай чабылып,  2 тоннага жакын кара куурай өрттөлгөн. Ал эми Аксы районунун аймагынан 1,5 тоннадан ашык кара куурай чабылып, өрттөө жолу менен жок кылынган.

Бул профилактикалык иш-чарага милициядан сырткары айыл өкмөттөн, элдик кошуундан, жергиликтүү тургундардан жана чек аралаш жайгашкан аймактардын чек ара кызматынын  жоокерлери да катышып, жеринде АКТылар түзүлгөн.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>