«Токио-2020» жайкы олимпиада оюндары кийинки жылга жылдырылды

«Токио-2020» жайкы олимпиада оюндары кийинки жылга жылдырылды

«Токио-2020» жайкы олимпиада оюндары кийинки жылга жылдырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Оюнду жылдырууну Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бахка арыз менен кайрылган.

Маалыматка ылайык, мындай сунушту Эл аралык олимпиада комитетинин президенти колдоого алып, оюн 2021-жылдын жай айларына өткөрүү пландалды. Бул вирус – пандемия деп жарыяланып, дүйнө коопсуздугуна айлангандан кийин олимпиаданы жылдыруу чечимин кабыл алышты.

Белгилей кетсек, буга чейин Эл аралык Олимпиада комитетинин аткаруу комитети коронавирус коркунучун талкуулап, оюн жылдырылбай турганы боюнча чечим кабыл алган.  

Эгерде коронавирус чыкпаганда олимпиада үстүбүздөгү жылдын 24-июлдан 9-август аралыгында өтмөк.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>