Топураган эл, тонналаган таштанды жок! Бишкектеги эгемендүүлүк майрамы, – сүрөт

Топураган эл, тонналаган таштанды жок! Бишкектеги эгемендүүлүк майрамы, – сүрөт

Бүгүн, 31-августта Кыргызстандын эгемен мамлекет болгонуна 29 жыл толду. 

Өлкөдөгү эң ири майрам бул жолу пандемияга туш келгенине байланыштуу шаан-шөкөтсүз, салтанатсыз онлайн форматта өткөрүлдү.

[su_image_carousel source=»media: 39510,39512,39511″ crop=»none» autoplay=»4″]

Президент катышкан борбордук аянттагы иш-чара жабык түрдө өтүп, адамдар киргизилген жок. Аз гана адамдардын орнотулган кашанын сыртынан гана караганын көрүүгө болот.

[su_image_carousel source=»media: 39518,39519,39520,39521,39517,39525,39526,39527″ crop=»none» autoplay=»4″]

Расмий иш-чара жыйынтыкталгандан кийин гана башка адамдар менен кошо журналисттерге да аянтка кирүүгө уруксат берилди.

Бирок ошентсе да өлкөнүн башкы майрамы жылдагыдай аянтка толгон миндеген адамдарсыз, сааттап созулган концерттерсиз өткөрүлдү.

Өлкө башчысынын катышуусунда бир саатка созулган чакан салтанатты эске албаганда, борбордук аянтта эгемендик күнү катардагы эле күндөрдөй. Бирин-серин сейилдеген адамдар, ардак күзөттөгү аскерлер баары адаттагыдай!

[su_image_carousel source=»media: 39531,39530,39529,39528,39517,39516,39515,39524,39532,39534,39541,39539″ crop=»none» autoplay=»4″]

Борбордук Панфилов сейил багында аттракциондор иштеп бир аз жандануу байкалганы менен пандемиянын таасиринен улам бул жакта деле адамдар өтө аз. Анткени өткөн жылдары сейил бак миңдеген адамдарга толуп, бут коёрго жер калбай тегерек четине казан асылып, булганып таштандыгы толчу.

Жылда эгемендик майрамынан кийин ондогон тонна таштанды чыккан борбордук сейил бак менен борбордук аянт таптаза, мемиреп тыптынч.   

[su_image_carousel source=»media: 39546,39547,39548,39545,39544,39554,39553,39551,39550,39549,39524″ crop=»none» autoplay=»4″]

Ошондой эле борбордук көчөлөр деле жылдагыдай кооздолбой, майрамдык шаан-шөкөт байкалбайт. 

[su_image_carousel source=»media: 39535,39536,39537,39538,39526″ crop=»none» autoplay=»4″]

Соңку 2 жылда Бишкек шаарында эгемендүүлүк майрамын белгилөөгө 3 миллион 700 миң сомдон коротулуп келсе, быйыл жылдагыдан 1 миллион сомго аз 2 миллион 700 миң сом бөлүнгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>