Тоют кымбаттагандыктан уйлар союлуп, сүт тартыштыгы жаралууда

Тоют кымбаттагандыктан уйлар союлуп, сүт тартыштыгы жаралууда

Кыргызстанда тоюттун кымбатташына байланыштуу сүттүн тартыштыгы байкалууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге сүт өндүрүүчүлөр ассоциациясынын Сүт палатасынан билдиришти.

«Бүгүнкү күндө сүттү кайра иштетүүчүлөр чийки заттын тартыштыгын сезип жатышат. Чийки заттын жетишсиздиги уйларды кармоонун кымбатташына жана иштин бул түрүнүн рентабелсиздигине байланыштуу», — деп белгиледи палата.

Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө бир уйдун суткалык тоютунун баасы 450 сом болсо, орточо сүт 10 литрди гана түзүп, аны саанчылар орто эсеп менен 300 сомго баалап жатышат.

«Ошентип, 150 сомдук пайдасыз айырма мал союп, чыгашасын токтотууга мажбур кылууда», — дейт Сүт палатасы.

Сут-товар палатасы 15 литрден жана андан да кем эмес сут саап алган малдын продуктуулугун жогорулаткан чарбалар кыштан олуттуу чыгашасыз чыга тургандыгын белгиледи. Ал эми мындай өндүрүүчүлөр бардык сырьёнун суткалык көлөмүнүн 5 пайызын гана беришет. Башкача айтканда, дыйкандардын 95 пайызы чыгашага учурайт.

«Мал санын калыбына келтирүү үчүн жагымдуу факторлор жана мамлекеттин колдоосу менен бир нече жыл талап кылынат», — деп жыйынтыктады ассоциация.

Ошол эле учурда Кыргызстанда сүт тартыштыгы жок экенин Айыл чарба министрлигинин башчысы Аскарбек Жаныбеков бүгүнкү брифингде билдирди.

«Биз өзүбүздү сүт жана аны кайра иштетүү азыктары менен толук камсыз кылабыз. Азыр сүт өндүрүүдө мезгилдик гана өзгөрүү бар», — деп түшүндүрдү ал.

Жаныбеков дүкөндөрдө сүт азыктарынын айрым маркаларынын тартыштыгы жок экенин кошумчалады.

Айыл чарба министри быйыл уйлар үчүн тоюттун баасы кымбаттаганын, бирок мамлекет кризиске жол бербөө үчүн бардыгын жасап жатканын ырастады.

«Биз бардык импорттук тоюттарга кошумча нарк салыгын нөлгө түшүрдүк, бул алардын баасын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берди. Тоюттун жетишсиздигине же малды союуга байланыштуу толкундоо жок», — деп жыйынтыктады ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>