Трамп Путинге токойдогу өрттү өчүрүүгө жардам берүүнү сунуштады

Трамп Путинге токойдогу өрттү өчүрүүгө жардам берүүнү сунуштады

Орусиянын Красноярск аймагында, Иркутск облусунда жана Якутияда токой өрттөнүп жатат. Соңку маалыматтарга ылайык, өрттүн аянты 3 миллион гектардан ашты. Өрттү өчүрүүгө АКШ президенти Дональд Трамп жардам берүү сунушун Орусиянын лидери Владимир Путинге айтты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, лидерлер телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Путин Трамптын сунушуна ыраазычылык билдирген. Орусия лидери эгер жардам керек болсо, кабыл аларын айткан. Путин АКШнын сунушу эки өлкөнүн толук форматтуу мамилелеринин жанданышынын башаты экенин белгилеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>