Транспорт министрлигинин үч кызматкери коррупцияга шектелип, камакка алынды

Транспорт министрлигинин үч кызматкери коррупцияга шектелип, камакка алынды

Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Мамлекеттик автоунаа дирекциясынын үч кызматкери жемкорлукка шектелип кармалды. Бул тууралуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, шектүүлөр Бишкек-Ош унаа жолундагы «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө бекеттериндеги  автоматтык төлөө тутумдарна өзгөртүүлөрдү киргизип, тарифтердин төлөнүшүн бурмалап турушкан.

Жыйынтыгында автоунаа үчүн төлөнгөн тариф баасы, бюджетке эмес, өз кызыкчылыгын көздөгөн кызматкерлердин чөнтөгүнө түшүп турган.

Өз ара кызматкерлер тарабынан түзүлгөн коррупциялык схеманын кесепетинен улам,  мамлекеттик бюджетке ар бир стационардык посттон 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Жазык-кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) боюнча, Транспорт жана жолдор министрлигинин түзүмдүк бөлүмүнүн үч оператору кармалып, тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>