Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата даректүү тасманы тартуу иштери башталды

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата даректүү тасманы тартуу иштери башталды

Фильм тележурналист, жазуучу, профессор Байма Сутенованын сценарийинин негизинде мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата даректүү тасманы тартуу иштери башталды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тасмага Молдосейит Мамбетакунов режиссёрлук кылат.

Турдакун Усубалиев 1919-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор кыштагында туулган.

Билими жана илимий ишмердиги:

1938-1941-жылдары Кочкор кыштагында мугалим, окуу иштери боюнча директордун орун басары;

1941-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн;

1945-жылы ВКП(б) БКнын алдындагы жогорку партиялык мектебин бүтүргөн;

1965-жылы Москвадагы В. И. Ленин атындагы педагогикалык институтун бүтүргөн;

1977-жылы Тарых илимдеринин кандидаты;

2009-жылы Кыргызстан УИАсынын ардактуу академиги;

2013-жылы КУУ жана БГУнун ардактуу профессору, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доктору.

Саясий ишмердиги:

1941-жылы партиянын Кочкор райкомунда бөлүм башчынын орун басары;

1941-1945-жылдары Кыргызстан КП БКнын (1941–45) инструктору;

1945-1955-жылдары КПСС БКнын инструктору;

1955-1956-жылдары Республикалык «Советтик Кыргызстан» кезитинин редактору;

1956–1958-жылдары Кыргызстан КП БКнын бөлүм башчысы;

1958-1961-жылдары Кыргызстан КП Фрунзе шааркомунун 1-секретары;

1961.09.05 — 1985. 02.11 Кыргызстан КП БКнын 1-секретары;

1985-жылдан тартып пенсионер;

1961-жылдан тартып КПССтин мүчөсү;

1985-жылы партиялык дооматтар менен 1985-жылы партиядан чыгарылган, бардык льготаларынан ажыратылган. Бирок КПСС БК бул чечимге макулдук берген эмес. 1988-жылы кайра Усубалиевдин арызы каралып, коюлган дооматтардан акталып,партиядагы мүчөлүгү жана льготалары толугу менен калыбына келтирилген.

СССР Жогорку Кеңешинин 6-11 чакырылыштарын депутаты;

1995-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1-2 чакырылыштарында эл өкүлдөр жыйынын депутаты, депутаттардын ыйгарым укуктары, этика, жалпы маалымат каражаттары жана коомдук бирикмелер менен байланышуу комитетинин төрагасы.

2008-жылы «Бирдиктүү Кыргызстан» партиясынын түптөөчүлөрүнүн бири болгон.

Турдакун Усубалиев 1961-1985-жылдары Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи катчылык кызматын аткарып, бийлик мөөнөтүнүн узактыгы боюнча Бүткүл союздук рекорд койгон.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>