Тургундар тынчсызданбаңыздар! Эртең Бишкекте сирена үнү жаңырат

Тургундар тынчсызданбаңыздар! Эртең Бишкекте сирена үнү жаңырат

Кыргызстандын бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча республикалык деңгээлде бир айлык иш-чаралар өткөрүлөт. Иш чаранын алкагында калкты сиреналары (ачуу үн менен берген сигнал) менен кабарлоо системасы иштетилет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Аталган министрлик тургундарды сиренада үнүн укканда тынчсызданбоону өтүндү. Мындай машыгуу  иш чарасы эртең, 2-октябрь күнү саат 10:00 чамасында Бишкекте өткөрүлөт.

«2-октябрда Бишкекте «Жер титирөө» аталышындагы атайын окуу өтөт. Буга байланыштуу борбор калаада 126 электр сирена иштеп, кырсыктын келип чыгышы жана коркунучу тууралуу маалымат айтылат. Электр сиреналарынын иштөөсүн текшерүү үчүн бир убакта 40 сирена иштейт. Андыктан бийик чыккан үндү укканда чоочулабаңыздар», — дейт маалымат кызматынан.

Иш чаранын негизги максаты — өлкөдөгү табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү чөйрөсүндө жалпы коомчулуктун билимин жогорулатуу болуп саналат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>