Түндө Жалал-Абадда жер титирөө катталды

Түндө Жалал-Абадда жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сеймология институнун берген маалыматына ылайык 2021-жылдын 26-ноябрь күнү саат 01:40та Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Токтогул районуна караштуу Жетиген, Чалдыбар, Өзгөрүш айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөнүн кесепетинен кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>