Түркия туристтер үчүн эреже иштеп чыкты

Түркия туристтер үчүн эреже иштеп чыкты

Бул эреже 6-сентябрдан тарта күчүнө кирет. Жергиликтүү маалымат каражаттарда айтылгандай, ар бир чет элдик жарандан HES-код  талап кылынат.

Ага ылайык,  онлайн анкета толтурушу кажет. Анда ковид – 19 илдетине каршы вакцинация алганы, коронавирус илдетине кабылбаганы, 48 сааттан кеч эмес ПЦР – тесттен өткөндүгү туурасында ырастамалар атайын фиксация болот. Эгерде бул эрежелер сакталбаса кайрадан ПЦР – тесттен өтүүгө туура келет.

Мындай текшерүүлөр бир гана туристтер эмес, жалпы түркиялыктарга тиешелүү болуп жаткан экен. Коомдук транспорттордо, көчөлөрдө коомдук жайларда атайын медициналык документтер текшерилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>