Түркияда жарнамалык LED экранда Садыр Жапаровдун лыжа тээп бараткан видеосу көрсөтүлүүдө

Түркияда жарнамалык LED экранда Садыр Жапаровдун лыжа тээп бараткан видеосу көрсөтүлүүдө

Түркияда президент Садыр Жапаровдун лыжа тээп бара жаткан видеосу көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Кубан Өмүралиев Twitter’не жарыялаган.

Анын айтымында, Анкаранын райондорунун биринде жарнамалык LED экранда Кыргызстандагы кышкы туризм тууралуу промо-ролик көрсөтүлүүдө. Кадрларда мамлекет башчынын жакында эле Караколдогу лыжа базасында эс алганын көрүүгө болот.

Эске салсак, 2022-жылдын 1-январында президент Садыр Жапаров жаңы жылдык дем алыш күндөрүн лыжа базасында өткөргөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>