Тышкы иштер министри АКШда жашаган мекендештер менен жолугушту

Тышкы иштер министри АКШда жашаган мекендештер менен жолугушту

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков  Вашингтон шаарындагы жумушчу сапарынын алкагында АКШда жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Министр чогулган мекендештерге чет өлкөдөгү  мекендештердин укуктарын коргоо боюнча бийлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсүнүн приоритеттүү багыттары жана мамлекеттик реформалар тууралуу айтып берди.

Андан соң пикир алмашуу болуп, жарандарды кызыктырган маселелер талкууланды.

Атап айтканда, кош жарандуулук, АКШга кирүүчү кыгыз жарандарына виза талаптарын жеңилдетүү, АКШда билим алуу жана жумушка орношуу маселелери көтөрүлдү.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын АКШдагы элчилигинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгын белгилөөгө арналган салтанаттуу сый-тамак жана ТИМдин түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>