Тышкы карызды тейлөөгө жарым жыл ичинде 16 млрд сом сарпталган

Тышкы карызды тейлөөгө жарым жыл ичинде 16 млрд сом сарпталган

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында республикалык бюджеттен мамлекеттик карызды тейлөөгө 15 млрд 972.1 млн сом жумшалган. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.

Ушул эле каражаттан тышкы карызга 7 млрд 608.3 млн сом, ички карызга — 8 млрд 363.8 млн сом сарпталган.

«Буга чейин мамлекеттик карызды тейлөөгө 2020-жылга карата бекитилген бюджетке ылайык, 28 млрд 818.8 млн сом жумшалмак.
Кыргызстандын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүгө ылайык, чыгаша 32 млрд 821.2 млн сомго жогорулатылган», — деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>