Убактылуу өкмөт камалабы? Июнь окуясы иликтене баштады

Убактылуу өкмөт камалабы? Июнь окуясы иликтене баштады

Президент Садыр Жапаровдун көрсөтмөсү менен 2010-жылдагы июнь окуясы иликтене баштады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-апрелден тарта 304-берене (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына карата, 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуясын жараткан Кадыржан Батыровдун өлкөдөн тоскоолдуксуз чыгуусуна байланыштуу иш козголду.

Сотко чейинки өндүрүштун алкагында себептери жана шарттары иликтенип, Ош жана Жалал-Абад облусунда 2010-жылдын май жана июнь айларында орун алган массалык баш аламандык орун алган учурдагы Убактылуу өкмөткө,  күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине жана облустук деңгээлдеги жетекчилерге окуяны алдын албаганына жана кайгылуу учурга кептегенине юридикалык баа берилген.

Билдирүугө таянсак, УКМК тергөөнүн жүрүшү жана жыйынтыктар менен кабыл алынган тийиштүү процессуалдык чечимдер жөнүндө коомчулукка маалымат берилип турат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>