“Учкун” басмаканасы эми дипломдорду ката менен басып чыгарды

“Учкун” басмаканасы эми дипломдорду ката менен басып чыгарды

Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын бүтүрүүчүлөрү “Учкун” басмаканасынан ката менен басылып чыккан дипломдорду алышууда. Бул тууралуу Kaktus.media окуу жайдын бүтүрүүчүсүнө таянуу менен жазып чыкты.

Дипломдун кыргыз тилиндеги тиркеме баракчасында “Окууга кирди” деген жери “ОкуугУ кирди” деп  “а” тамагысынын ордуна “у” тамгасы жазылып калган.

Ката менен басылып чыккан дипломду окуу жайды бүтүп жаткан 1003 бүтүрүүчүнүн дээрлик жарымы алган.

Ал эми окуу жайдын проректору Эркин Алымбаев  басмакана ката дипломдорду кайра басып берерин билдирген.

Айта кетсек, “Учкун” басмаканасы ушуну менен бүтүрүүчүлөрдүн документтерин быйыл үчүнчү жолу ката басып чыгарды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>