UFCнин президентти Валентина Шевченконун беттешине жоромол берди

UFCнин президентти Валентина Шевченконун беттешине жоромол берди

UFC уюмунун президентти Дэйна Уайт кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченконун Жессика Андраде менен боло турган беттешине Yahoo берген маегинде жоромол берди.

“Эгерде бул демалыш күндөру Вейли Чжан утса жана Валентина Шевченко утса, алардын беттеши бири-бирин суранып жатат. Эгер Шевченко аны да утуп алса, балким ал кайрадан Аманда Нунес менен мушаташат. Андыктан кандай болорун көрөбүз”, — деген Уайт.

Белгилей кетсек, 24-апрелде орун алуучу “UFC 261” турниринде Валентина Шевченко чемпиондук курун бешинчи ирет коргойт. Ал бразилиялык Жессика Андраде менен беттешет. Турнирин АКШнын Лас-Вегас шаарында орун алат.

Шевченко соңку ирет 2020-жылдын 22-ноябрында АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн «UFC 255» турниринде бразилиялык Женнифер Майяны уткан. Ал эми Жессика Андраде өткөн жылдын октябрында Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен жеңген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>