УКМК: Айбек Калиев абакка өзү кайтып келди

УКМК: Айбек Калиев абакка өзү кайтып келди

Айбек Калиев мурда жазасын  өтөп жаткан абакка өзү кайтып келди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин  басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн 12-октябрда «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев мурда жазасын өтөп жаткан абакка өз кайтып барган. Ал 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү абактан мыйзамсыз бошонуп чыккан. 

Белгилей кестек шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир нече саясатчы абактан чыгарылган.

10-октябрь күнү УКМК менен ИИМдин биргелешип өткөргөн операциясынан кийин Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев, 11-октябрь күнү Салайдин Авазов кайра кармалган.

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков 11-октябрь күнү УКМК менен ИИМдин тергөө кызматында сурак берип кайра кое берилген.

Буга чейин Башкы прокуратура башаламандык учурунда абактан чыгып кеткендердин баарын өз ыктыяры менен кайра абакка кайтууну талап кылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>