УКМК Азиз Суракматовдо эмнеге камакка алганын ачыктады — сүрөт

УКМК Азиз Суракматовдо эмнеге камакка алганын ачыктады — сүрөт

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов мыйзамсыз баюу жана коррупция беренелери боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Азиз Суракматов жетекчилик кызматты аркалап жатканда мыйзамсыз баюу максатында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, муниципалитеттин айрым кызматкерлери жана ири курулуш компаниянын өкүлдөрү менен бирге коррупциялык схеманы түзгөнү аныкталган. Муниципалдык жерлер коммерциялык мекемелерди жана көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген.

Ошондой эле мурдагы мэр курулуш компанияларга тиешелүү документтерди бердирүү үчүн мэриянын кээ бир кызматкерлерине жана курулуш иштерин көзөмөлдөгөн органдарга басым көрсөтүп келген. Суракматов жана анын жакындарынын активдери ыкчам өсүп, анын суммасы 50 миллион долларга бааланат.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-майда Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов суракка чакырылып, кийин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>