УКМК «Дордой» базарынан окуучулардын ден соолугуна зыяндуу китептерди тапты

УКМК «Дордой» базарынан окуучулардын ден соолугуна зыяндуу китептерди тапты

«Дордой» базарында жайгашкан «Оберон» рыногунда мектеп окуучуларынын ден соолугуна зыян келтирчү адабий китептер табылды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

УКМК билдиргендей,  Москванын «Просвещение» басмаканасынын жана жергиликтүү мекеменин адистери бир нече китеп үлгүлөрүнө изилдөө жүргүзүп, колдонулган боекто окуучулардын ден соолугуна зыяндуу элементтер бар экенин аныктады.

Тинтүү учурунда «Оберон» базары 28 аталыштагы 8 миң экземпляр китеп сатыктан алынды. Ал «Просвещение» басмаканасынын бренди алдында жасалмалап чыгарылган. Текшерүүнүн натыйжасында китептердин бир бөлүгү Бишкек шаарындагы жеке «Аль Салам» жана «Турар» басмаканаларында даярдалганы белгилүү болгон.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>