УКМК: Гүлбара Калиеваны иши боюнча толук далилдер бар – видео

УКМК: Гүлбара Калиеваны иши боюнча толук далилдер бар – видео

Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны иши боюнча толук далилдер бар экенин кабарлады.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Андагы коррупциялык иштерге Жогорку Соттун төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экени боюнча толук далилдер алынган. 

Ошондой эле, Жогорку Соттун төрагасын, Башкы прокуратуранын сунуштамасынын негизинде, Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын макулдугу менен гана кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүн болгондуктан, аталган сунуштаманы берүү боюнча Башкы прокуратурага өтүнүч жөнөтүлгөн.

“Бирок Жогорку Сот жана Соттор Кеңеши, алдын — ала позициясын аныктап алганы тынчсызданууну туудурат. Анткени Кыргызстанда баары мыйзам жана сот алдында бирдей”, — деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, анда Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын жана ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин айтып, эгер соттор боюнча тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>