УКМК: Камчы Көлбаев мамлекетке 49 миллион сом кайтарды

УКМК: Камчы Көлбаев мамлекетке 49 миллион сом кайтарды

Кримтөбөл Камчы Көлбаев мамлекетке 49 миллион сом кайтарды.  Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Камчыбек Асанбекке (Көлбаевге) карата “кылмыштуу акчаларды легалдаштыруу” дегеп айып менен да иш козголгон. Анда ага аталгандай жол менен 250 миллион сомдон ашуун пайда көргөн деп айып коюлуп жатат. Бул иштин алкагында Камчыбек Асанбектин туугандары атайын депозиттик эсепке 49,6 миллион сом төккөн.

Ошондой эле маалыматта калган 200 миллион сомдон ашуун каражатты иликтөө ишинин аягына чейине, тактап айтканда апрель айынын соңуна чейин мамлекетке толук кайтаруу иштери жүргүзүлөрү айтылат.

Белгилей кетсек, Камчы Көлбаев “Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу” беренеси менен  22-октябрда Бишкекте кармалган.  Кийин ден соолугу начарлаганына байланыштуу №47 абакка которулган.

Кечээ, 2-мартта ал камактан чыкканы тууралуу айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгып, бүгүн аталган маалыматты УКМК тастыктады. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>