УКМК кримтөбөл «Алтуханы» камакка алды — видео

УКМК кримтөбөл «Алтуханы» камакка алды — видео

Кылмыш дүйнөсүндө «Алтуха» каймана аты менен таанымал кримтөбөл кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Алтуха» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Алтынбек Ибраимов 13-январь күнү Бишкек шаарында кармалган.

Ал уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү ишинин жүрүшүндө камакка алынган.

Учурда Алтынбек Ибраимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга чейин ИИМдин кызматкерлери “Алтуха” менен “тарбиялык” маек өтүп жатканы тартылган видео тараган.

Тэги: алтуха

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>