УКМК «Малик» каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

УКМК «Малик» каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Базар-Коргон милициялары менен биргеликте жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кылмыштуу топтун мүчөсү Ж.А.Э. кармашты.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Ж.А.Э. коомчулукта «Малик» каймана аты менен белгилүү. Ал зордук -зомбулук жана шантаж коркунучу аркылуу жеке ишкерден 80 миң сом каражатын, ошондой эле алтын буюмдарын жана уюлдук телефонун тартып алган. Жабырлануучуга келтирилген зыяндын жалпы суммасы болжол менен 100 миң сомду түзгөн.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ал 2021 -жылдын 3 -октябрында колго түшкөн.

Бул факты Базар-Коргон РИИБнин кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине “опузалап пара талап кылуу” беренеси менен катталды. Кармалган адам Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Сүрөт иллюстрациялык

Тэги: ОПГ УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>