УКМК Сирия жана Ирактагы кыргыз жарандарын кайтарып келүү иштерин жүргүзүүдө

УКМК Сирия жана Ирактагы кыргыз жарандарын кайтарып келүү иштерин жүргүзүүдө

Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасына ылайык, Кыргызстандын жарандарын Сирия жана Ирактагы качкындар лагерлеринен кайтарып келүү боюнча иш-чаралар жүрүүдө. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

УКМКга өнөктөш кызматтар менен биргеликте Сирия жана Ирак согуш аймактарындагы, ошондой эле ар кандай качкындар лагеринде жүргөн жарандарды кайра кайтаруу боюнча иштердин экинчи этабын улантууда.

«Азыркы убакта террористтик иш-аракеттерге катышкандардын жарандыгын аныктоо иштери жүрүп жатат. Ал жерде көбүнүн балдары бар болгондуктан мекенге кайтарып келүү үчүн ата-энелеринин макулдугу керек, бирок атасы же энеси атайын текшерүү иш-чаралары аяктагыча Сирия-ирак аймагында калуусу шарт. Эгер, ата-энелери террористтик иш-аракеттерге катыштыгы бар болгон учурда, алар балдарга болгон укугунан ажыратылат.

Жарандар мекенге кайтып келгенде реабилитациядан өтүп, мыйзамдын талаптарына ылайык жоопкерчилиги аныкталат», — деп жазылат маалыматта.

Сирия жана Ирак согуш аймактарындагы жана качкындар лагерлериндеги Кыргызстандын жарандарын кайтарып келүү президенттин көзөмөлүндө турат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>