УКМК төрагасы Кой-Таш окуясын иликтеген комиссияга “өтө жашыруун” маалыматтарды көрсөттү

УКМК төрагасы Кой-Таш окуясын иликтеген комиссияга “өтө жашыруун” маалыматтарды көрсөттү

7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын имаратында көчмө жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев комиссиянын мүчөлөрүнө документтер топтомун, анын ичинде “өтө жашыруун” делген маалыматтарды тааныштырды.

Мамкомиссия кийинки жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкинаны, Асел Кодуранованы, коомдук ишмер Турусбек Коеналиевди, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди чакыруу чечимин кабыл алды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>