УКМК: Террордук акт жасоо үчүн өлкөгө келген адам кармалды

УКМК: Террордук акт жасоо үчүн өлкөгө келген адам кармалды

Террордук иш-аракеттерди аткаруу учун өлкө аймагына келген Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсузудук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, 25 жаштагы Кыргызстандын жараны 2016-жылдан бери “Жалданмачылык” беренеси боюнча издөөдө жүргөн.

Ал  Эл аралык террордук уюмдун лагеринен атайы диверсиялык-террордук даярдыктан өтүп, башчысынын тапшырмасы боюнча Кыргызстандын аймагына келген.

Кармалган адам Жалал-Абад шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>