УКМК: Түркиянын жаранын уурдоого тиешеси барлар изделүүдө

УКМК: Түркиянын жаранын уурдоого тиешеси барлар изделүүдө

Жазык кодексинин 165-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Адамды уурдоо) каралган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2021-жылдын 9-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышка шектүүлөр “Х.А.Д.”, “А.Б.”, “Ж.Б” жана Чүй облустук милициянын «Манас» аэропортун тейлөө боюнча аба транспортунун башчысынын орун басары “П.Т.” кармалып, 2 айга  УКМКнын тергөө камак жайына камалышкан. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Ошондой эле, жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1998-жылдын 8-апрелинде туулган Махаматкарим уулу Ниязалы жана 1971-жылдын 26-августунда туулган Матраимов Болот аттуу уурдоого тиешеси бар башка адамдардын да өздүгү такталды.

Азыркы учурда Махаткарим уулу Ниязалы менен Матраимов Болот изделүүдө.

УКМК төмөндөгү издөөдө жүргөн адамдар тууралуу кандайдыр бир маалыматтар болсо 0312620585, 0312660475, 0312626504 жана 102 телефондоруна кайрылууну өтүнөт.

Бул адамдар ижарага алынган батирлерде жана мейманканаларда жашырынып, жанында ок атуучу курал алып жүрүшү мүмкүн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>