УКМК: Юрист пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМК: Юрист пара алып жаткан жеринен кармалды

Мыйзамсыз сый акы алуу фактысы боюнча Базар-Коргон райондук электр тармагынын юристи кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон райондук электр тармагынын юристи А.Н.К. 26-февралда талап кылган акча каржатынын бир бөлүгүн алып жаткан учурунда кармалды.

Бул факты 238-берене «Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Билдирүугө таянсак, кармалган кызматкер жергиликтүү тургундан электр энергиясын өндүрүштүк керектөөгө пайдаланууга байланыштуу, салынган айып пул маселесин оң тарапка чечип берүү үчүн, 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган, ал эми анын негизги бөлүгүн мурда алган. Учурда бул факты боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан тергөө амалдары жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>