УКМК жеке компаниядан 7 миң доллар талап кылган адамды кармады

УКМК жеке компаниядан 7 миң доллар талап кылган адамды кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жеке компаниядан 7 миң доллар акча каражатын талап кылган адамды кармашты. БУл тууралуу аталган түзүмдүн басма сөз кызматы кабарлады.

“Кармалган К.А. атту адам Бишкектин “Көлмө” жаңы конушундагы коомдук транспорт маселесинен пайдаланып, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жеке компаниялардын биринин директорунан, алдоо жолу менен алардын ишмердүүлүгүнө байланышкан ишти бүтүрүп берүү үчүн акча тала кылган”, — деп жазылат билдирүүдө.

Сотко чейинки териштирүүнүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “алдмачылык” боюнча катталды. Кармалган адам УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>