УКМКнын башчысына кайрылган 9 жаштагы кыздын иши боюнча Билим берүү министрлиги дагы иликтөө жүргүзүүдө

УКМКнын башчысына кайрылган 9 жаштагы кыздын иши боюнча Билим берүү министрлиги дагы иликтөө жүргүзүүдө

Райондук билим берүү бөлүмү 9 жаштагы Асема Шакированын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жолдогон кайрылуусу боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, социалдык тармактарда 9 жаштагы Асема Ташиевге кайрылган видео пайда болгон. Кыз Кемин районундагы Жалил Сыдыков атындагы №1 мектепте 3 жылдан бери окуй турганын жана апасы ушул мектепте мугалим болуп иштейт экенин айткан.

«Апамды мектептин администрациясы кордоп жатат, ал тургай апам эс-учун жоготуп койду. Андан кийин тез жардам кызматы келип, ага жардам берген. Эгер ага бир нерсе болсо, иним экөөбүздү ким багат. Камчыбек ата, сизден Кемин шаарына келип, жаңы жылдык белек катары мектептерди текшерип берүүңүздү суранам», — деп кыз көзүнө жаш алган.

Иш УКМКнын башчысынын көзөмөлүнө алынып, андан кийин кыз Ташиевден белектерди алган.

Reporter.kg’ге Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы аталган үй-бүлө ведомствонун каттоосунда жок экенин билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>